Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

COVID-19дан эки бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 26-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 458ге жетти, оорудан 2954 адам көз жумду. Ушул тушта ооруканаларда 200гө жакын адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда. Үйүндө 800дөн ашык адам дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден ашык адамга сайылды.

Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG