Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Киев мэриясы шаардыктарды көчөгө чыкпоого чакырды


Киев, Украина.
Киев, Украина.

Киевдин администрациясы борбор калаанын тургундарын көчөгө чыкпоого чакырды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

"Учурда шаарыбыздын көчөлөрүндө салгылашуу жүрүп жатат. Тынчтыкты сактап, мүмкүн болушунча этият болушуңуздарды суранабыз. Эгер баш калкалоочу жайда болсоңуз, азыр аны таштап кетпеңиз. Үйдө болсоңуз, терезеге барбаңыз, балкондорго чыкпагыла", - деген мэрия.

26-январга караган түнү Киевдин бир канча аймагында жарылуунун добушу угулду. Муну Телеграмдагы каналдарга жарыяланган видеолор да күбөлөп жатат.

Украинанын Атайын коммуникация жана маалыматты коргоо боюнча кызматы Киев убактысы боюнча түнкү саат 2:30 чамасында Орусиянын күчтөрү Киевдин Троещина районунда жайгашкан ТЭЦ-6 жылуулук электр борборуна чабуул коюп жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, украин баш калаасынан 30 чакырым алыс Васильков аймагында орус десанттары конууга аракет кылып жатат. Украинанын куралдуу күчтөрү ага каршылык көрсөтүүдө.

Президент Владимир Зеленский түн жарымын утурлай жарыялаган видео кайрылуусунда орус күчтөрү чабуул койгону жатканын, Киевди колдон чыгарбаш керектигин, түн оор өтөрүн эскерткен.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG