Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

ТИМ Украинадагы кыргыздарды Европа аркылуу чыгарып кетүү жолдорун сүйлөштү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-февралда Германиянын жана Франциянын Кыргызстандагы элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу "жашыл коридор" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия, Польша, Румыния аркылуу алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыккан.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.

Кыргызстандын ТИМи учурда Украинанын бүткүл аймагында каршылашкан тараптардын ортосунда атышуулар жүрүп жатканын белгилеп, ары-берүү каттоодо жеке коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүндүгүн эскертет. Ушуга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарын жашаган жери коопсуз болсо Украинанын аймагында кырдаал турукташканга чейин ошол аймакта кала берүүнү сунуштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылганы айтылган.

ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG