Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Украин бийлиги Орусиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди


Киевдеги акыркы кырдаал.
Киевдеги акыркы кырдаал.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН теле каналынын эфиринде 26-февралдын таңына карата Украинада Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын айтты. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы жазды.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалыматына караганда, орусиялык армия 102 танк, 536 чопкутталган машине, 14 учак, сегиз тик учак, 15 замбирек, бир зениттик-ракеталык "Бук" комплексинен айрылды.

Орус тарап армиядагы жоготуулары тууралуу маалыматты жашырууда.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат. Киевде турак үйлөр ракета чабуулуна кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG