Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттөн бир аял көз жумду


Өрт чыккан үй.
Өрт чыккан үй.

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу 3-кичирайондо көп кабаттуу үйдөн бүгүн, 26-февралдын таңында өрт чыгып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Каза болгон аялдын ким экени такталууда.

Акыркы учурда Бишкекте чар-жайыт салынган имараттардан улам өрт өчүргүч, куткаруу кызматынын иши татаалдашканын адистер айтып келишет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.

Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG