Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Жикчил “республикаларга” добуш берген Мамдума депутаты согушту токтотууга чакырды


Орусиянын Мамлекеттик думасы.
Орусиянын Мамлекеттик думасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы Коммунисттик фракциясынан (КПРФ) депутат, мурда “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн көз карандысыздыгын жактап, добуш берген Михаил Матвеев Украинага каршы согушту токтотууга чакырды.

“Мен “ДЭР” менен “ЛЭРдин” көз карандысыздыгын таанууга добуш берип жатканда тынчтыкка добуш бергем, согушка эмес. Орусиянын Киевди бомбалашын колдогон эмесмин”, - деп жазды ал “Твиттердеги” баракчасында.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-26-февралда орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG