Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Алтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутаттык мандат алды


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты тапшырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жамгырчиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди.

2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди Жазык кодексинин “Пара алуу” беренеси менен шектүү катары кармаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп быйыл февралда үй камагына чыккан.

Өткөн жылы 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Пара алуу” беренеси менен айыпталган Эмил Жамгырчиевге байланыштуу ишти карап, аны актады. Сот Жамгырчиевди реабилитациялоо укугу менен кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу бардык айыптоолор боюнча толук актаган.

Жамгырчиев 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG