Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Чехия менен Нидерланд Украинага курал-жарак жөнөттү


Украинага келип жаткан аскердик жардамдар.
Украинага келип жаткан аскердик жардамдар.

Чехия менен Нидерланд Орусиянын чабуулунун фонунда 26-февралда Украинага аскердик жардамды дагы көбөйткөнүн жарыялашты.

Чехиянын Коргоо министрлиги 8,6 миллион долларлык пулемёт, автомат, мылтыктар жана тапанчалар ок-дарылары менен жөнөтүлгөнүн маалымдады. Расмий Прага буга чейин Киевге 1,7 миллион долларлык 4 миңдей артиллериялык окторду берүүгө макул болгон. Чех аскерлери аны украин тарап айткан жерге чейин жеткирип беришет.

Нидерланддын бийлиги да 26-февралда билдирүү таратып, Украинага Stinger үлгүсүндөгү 200 зениттик ракетасын жеткирерин жар салды. Бул ракеталар учактарды жана тик учактарды атып түшүрүүгө ылайыкталган.

Нидерланд өткөн аптада Киевге 100 снайпердик мылтыктарды 30 миңдей патрону менен берүүгө макул болгон. Мындан сырткары аскердик техникаларды, радарларды жана мина издөөчү жабдууларды бермек. Алардын бир бөлүгү 26-февралда жөнөтүлдү, калганы эми жиберилет.

Киевге мурдараак Польша, Литва, Британия дагы түрдүү курал-жарактарды жеткирген. Ага чейин АКШ жана Евробиримдиктеги башка мамлекеттер аскердик жарам берип жаткан.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG