Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Роскомнадзор ЖМКлардан Украинадагы окуяны “согуш” деп атабоону талап кылды


Киев. Атып түшүрүлгөн учактын калдыгы.
Киев. Атып түшүрүлгөн учактын калдыгы.

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Новая газета”, “Медиазона”, “Дождь” жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан Украинадагы окуяны “согуш” деп атаган материалдарын өчүрүүнү талап кылды. Тиешелүү кабарламаны редакциялар 26-февралда алышты.

“Көрсөтүлгөн ресурстарда чыныгы кабарлар деген жүйө менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн украин шаарларын аткылоосу жана орус аскерлеринин аракеттеринин натыйжасында Украинанын жайкын тургундарынын өлүмү жөнүндө жалган маалыматтар жайгаштырылууда. Мындан сырткары жүргүзүлүп жаткан операция чабуул, кол салуу жана согуш жарыялоо катары аталып жатат”,-деп айтылат көзөмөлдөөчү мекеменин билдирүүсүндө.

Мындай талапты аткарбаган редакциялар жабыла турганы эскертилген. Мурдараак Орусиянын бийлиги Украинага жасалган чабуул боюнча “орусиялык расмий булактардан” гана маалымат алууну талап кылган. Аны аткарбагандарга айыппул салынары, жабылары маалымдалган.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG