Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Эрбол Султанбаев Украина боюнча Бишкектин позициясын билдирди


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн, 26-февралда Украинадагы кырдаалга байланыштуу комментарий берип, Кыргызстан эки тарап тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгиледи.

“Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз. Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да”, - деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин бүгүн президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган. Президенттин расмий сайты эки лидер кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулаганын жазган.

Анда "Жапаров менен Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты", - деп билдирген.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү боюнча маалыматты Орусиянын расмий булактарынан тактоо мүмкүн болгон жок. Расмий Кремлдин интернет сайты азыркы тапта иштебей турат.

26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде айтты

Орусиянын бийлиги курмандыктар жана жарадар болгондор тууралуу расмий маалымат бере элек. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада гуманитардык көйгөй курчуп, качкындар 100 миңден ашканын Твиттерге жазды. (BCh)

XS
SM
MD
LG