Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Кайра шайлоо: мыйзам бузууларга байланыштуу тогуз арыз түштү


БШКнын маалымат жыйыны.
БШКнын маалымат жыйыны.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 27-февралда Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округундагы кайра шайлоодо эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча алты, үгүт эрежелерин бузууга байланыштуу бир, добуш берүүнүн купуялуугун бузуу тууралуу да бир факты иликтенип жатат. Добуш сатып алуу боюнча бир арыз артка чакыртып алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу ИИМде 11 арыз-даттаануу катталганын айтты. Бардыгы тең Свердлов округуна тиешелүү. Эки маалымат боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды.

Бүгүн Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында кайра добуш берүү өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки округда саат 18:00гө карата добуш бергендер тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, жалпысынан 41 миңдей, башкача айтканда, 18 пайыздан ашык шайлоочу келди. Добуш берүү жагынан Свердлов округунда кыйла алдыда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG