Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Балбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы мелдеште алтын байге алды


Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.
Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.

Кыргызстандык эркин күрөш балбандары Түркиянын Стамбул шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде бир алтын, үч коло байгеге ээ болушту.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) маалыматына караганда, алтын байгеге 57 килограмм салмакта күрөшкөн Алмаз Сманбеков ээ болду. Сманбеков финалда грузиялык Бека Бужиашвили менен күрөшмөк. Грузин балбаны килемге чыгып, бирок беттешүүдөн баш тартканына байланыштуу жеңиш кыргызстандыкка ыйгарылды. Алмаз Сманбековдун финалга чейин үч беттеш өткөрмөк. Алгач казакстандык Ассылхан Ессенгелди килемге чыкпай, Сманбеков 1/4 финалга өттү. Кийин ал түркиялык эки балбанды катары менен мөөнөтүнөн мурда чоң эсеп менен жеңип, финалга чыккан (57 кг. 1/4 финал: Алмаз Сманбеков (KGZ) - Сабан Кызылстас (TUR) 11:0, 1/2 финал: Алмаз Сманбеков (KGZ) - Мухаммет Каравус (TUR) 8:0).

Коло байгелерди Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Исламбек Орозбеков (74) жана Арсалан Будажапов (79 кг) алды. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандан 10 балбан таймашты.

Грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеши 24-февралдан 27-февралга чейин өттү. Ага 10дон ашуун мамлекеттин балбандары катышты. Кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш байге алды. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарга Кыргызстандан төрт балбан катышып, байгеге ээ боло алышкан жок. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG