Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Амангелдиев баанын өсүшүн алдын алуу аракети көрүлүп жатканын маалымдады


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы баанын көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

"Ыкчам планды иштеп чыгып жатабыз, эгер баа кескин көтөрүлсө, жумшартып кеткенге аракет кылабыз. Биринчи эки-үч күндүк планда чайкоочулук маанайды азайтып, товар ташыгандарга компенсация кылып бергенге даярбыз. Азыр мунай ташуучулар менен иштеп жатабыз. Келишимдеринин аткарылышын карайбыз, эгер каражаты жетишсиз болсо, кыска мөөнөттүү насыяларды берип, таңкыстык кылбоого аракет кылабыз".

Амангелдиев базар баасы мамлекеттик көзөмөлдөөгө кирбей турганын белгиледи.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Улуттук банк 28-февралда айрым орус банктарын SWIFT - банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылганы айтылат. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстандын банктарынын кардарларынын төлөмдөрүнө таасир этпей турганы жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG