Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Жапаров жүз миңдеген адам акы төлөнүүчү коомдук жумушка тартыларын билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстанда жакында "Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү акыркы кырдаалдын кыргыз экономикасына тийгизип жаткан таасири тууралуу кайрылуусунда билдирди.

Өлкө башчысы бул программанын алкагында жүз миңдеген адам акы төлөнүүчү коомдук жумушка тартылып, "алар Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуп, өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылууга шарт түзөрүн" белгилеген.

“Калктын аялуу катмары: жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат. 1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт. Эң башкысы - азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу”,-деген президент Жапаров кайрылуусунда.

Буга чейин Кыргызстанда бир катар эл аралык уюмдар, чет өлкөлөр айыл жергесиндеги кыргызстандыктарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартып, арыктарды тазалоо, бак тигүү сыяктуу иштерди жүргүзүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG