Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Муфтият ысырапкерчиликти тыюу тууралуу жарлыкты элге түшүндүрөт


Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликти жоюу тууралуу жарлыгын түшүндүрүү ишин баштады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, муфтий Замир Ракиевдин буйругу чыгып, анда башкармалыктын түзүмүндө турган бардык дин кызматкерлери жума намаздарда жана той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Муну менен катар дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында атайын окуу курстарын, семинарларды уюштуруу тапшырмасы берилген.

Буга чейин Баткен облустук милициясы президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликке каршы жарлыгын түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып, Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Мындай талапка каршы чыккандар бар экенин белгилеп, 2019-жылы уулу каза болгондо "тоок дагы сойдурбай койгонун" мисал келтирген.

28-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Кыргызстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG