Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты 


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 10 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

"Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизет. Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берет жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык Кыргызстандагы баалардын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктөргө жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын өсүшү таасирин тийгизип жатат. 2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жыл ичинде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн.

Улуттук банк 2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу керек экенин билдирет.

Буга чейин Улуттук банк айрым орус банктарын SWIFT - банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүлүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү тараткан.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд. 764 млн. долларды түзөт жана алты айга жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG