Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

COVID-19: бир адам каза болуп, 27 адамдан жаңы аныкталды


Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 527ге жетти, оорудан 2958 адам көз жумду.

Акыркы суткада коронавирустан бир бейтап каза таап, 27 адамдан аныкталды. Ушул тушта ооруканаларда 173 адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда. Үйүндө 547 адам дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден ашык адамга сайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG