Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтотот


Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттавада сүйлөп жатат, 22-февраль 2022-жыл.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттавада сүйлөп жатат, 22-февраль 2022-жыл.

Канаданын өкмөтү Орусиядан чийки мунай импорттоону токтотот. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо дүйшөмбү күнү жарыялады.

“Бул президент Путиндин жана анын олигархтарынын пайдасына иштеген өндүрүш. Бул индустрия Орусиянын федералдык бюджетинин киреше бөлүгүнүн үчтөн биринен көбүн түзөт. Канада соңку жылдары абдан аз көлөмдө импорттосо да, бул чара күчтүү сигнал”, - деди Трюдо.

Натыйжада Канада Москванын Украинага кол салганына байланыштуу Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун жарыялаган “Чоң жетиге” кирген биринчи мамлекет болуп калды. Мындан тышкары Канада Украинанын армиясына танкка каршы курал-жарактарды жана ок-дары бере турганын билдирди.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын “демилитаризациясын” көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусиянын бир катар банктарына жана президент Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров баштаган расмий жетекчилерге санкция жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG