Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Мэр Бишкекке ири асфальт-бетон заводун салуу керектигин айтты


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Бишкек шаары үчүн асфальт-бетон чыгаруучу ири завод курулушу мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.

"Менин жеке оюм, Бишкек шаарында таманташдарды (брусчатка) колдонуудан кетишибиз керек. Биз асфальтка өтүшүбүз керек. Таманташтар 4-5 жылдан кийин кандай абалда болуп жатканын көрүп жатабыз да. Мен асфальт-бетон заводу менен сүйлөшүп жатам. Министрлер кабинетинин төрагасы менен сүйлөштүм, Бишкек шаарына эң сапаттуу асфальт чыгара турган завод салышыбыз керек".

Мэрдин айтымында, борбор калаадагы сугат маселесин чечүү керек. Ал Бишкектеги темир жолдон өйдө жагын арык менен сугарса болорун, ал эми темир жолдун ылдый жагына кудуктарды казып, тамчылатып сугаруу системасына өткөрүү керектигин айтты.

Бишкек шаарында ирригация маселеси курч. Жайдын ысыгында парктар, бак-дарактар убагында сугарылбай куурап калган учурлар кездешет.

Президент Садыр Жапаров 24-февралда Бишкек шаарынын мэрлигине Эмилбек Абдыкадыровду дайындады.

Ишкер Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борборго инвестор болорун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү экени белгилүү. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG