Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Украинадагы абал Кыргызстандын дары-дармек базарындагы жагдайды оорлотту


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлоду. Бул тууралуу 2-мартта дары коопсуздугуна байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөргөн кеңешмеде айтылды.

Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов Кыргызстанга 30дан ашуун өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттар импорттолорун, анын 60% жакыны Орусия менен Украинага таандык экенин белгиледи.

Анын айтымында, бул эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалдан улам Украинага берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылган, аны кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү суроо бойдон калууда.

Орусиялык өндүрүшчүлөр рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту. Эрнис Асанов санкциялардан улам көптөгөн европалык өндүрүүчүлөр Орусияга дары-дармектерди жана медициналык каражаттары берүүнү токтотушу ыктымалдыгын айтты. Бул абал орус өндүрүүчүлөрдүн экспортун токтотууга жана алардын ички рыноктун керектөөлөрүн жабууга багытталышы мүмкүн.

Фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине бааларды жөнгө салуу боюнча пилоттук долбоорду кризис турукташканга чейин токтотууну сунушташты. Министр Бейшеналиев бул маселе боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Орусия 24-февралдан бери Украинада аткылоону жана бомбалоону улантууда.

Кыргыз бийлиги 2021-жылдын ноябрында элге керектүү делген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG