Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Евробиримдик Орусияга көмөктөшкөнү үчүн Беларуска санкция салды


Беларустун авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко орус аскерлеринин Украинага басып кирүүсүн чагылдырган картанын жанында турат.
Беларустун авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко орус аскерлеринин Украинага басып кирүүсүн чагылдырган картанын жанында турат.

Европа Биримдиги Орусиянын Украинага кол салуусуна жардам бергени үчүн Беларуска да санкция киргизүүнү жактырды.

Кезектешип төрагалык кылуу тартиби менен учурда уюмду жетектеп жаткан Франция 2-мартта тараткан билдирүүдө санкция Украинага чабуул жасоодо роль ойноп жаткан аткаминерлерге тиешелүү экени айтылат. Чектөөлөр мындан сырткары экономиканын айрым секторлоруна, айрыкча жыгач, болот жана калий сатуу тармагына тиешелүү болот.

27 өлкөдөн турган Евробиримдик 2020-жылы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп чыккан элди авторитардык башкаруучу Александр Лукашенконун күч менен басуу аракеттерине байланыштуу Беларуска буга чейин да санкция салган. Оппозиция ал шайлоодо талапкер Светлана Тихановская утуп чыкканын, Лукашенко өз бийлигин алтынчы мөөнөткө мыйзамсыз узартып алганын билдирген.

Беларус быйыл 10-февралдан бери өз аймагында Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жаткан. Орус аскерлери ошол жак аркылуу да Украинанын Киев шаарын көздөй басып киришти. Лукашенко беларус аскерлери кол салууга аралашпай жатканын билдирип келет.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG