Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Украин бийлиги эки миңдей жайкын тургун каза болгонун билдирди


Украинанын Киев шаары Орусиянын аскерлеринин чабуулунан кийин.
Украинанын Киев шаары Орусиянын аскерлеринин чабуулунан кийин.

Орусиянын аскердик чабуулунан жети күндүн ичинде Украинанын эки миңдей жайкын тургуну каза болду. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы “Фейсбуктагы” баракчасында кабарлады.

Мекеме канча аскер каза болгонун тактаган жок. Бул маалыматтар азырынча көз карандысыз булактар аркылуу да ырастала элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Элизабет Троссел 24-февралдан 1-мартка чейин 136 адам өлгөнүн, анын 13 балдар экенин маалымдаган. Ал маалыматтар такталса жоготуулар мындан да көп болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы орус армиясы аскердик объектилерден сырткары транспорттук инфратүзүмдөрдү, турак-жайларды, ооруканаларды жана бала бакчаларды талкалаганын билдирет. Учурда украин куткаруучуларынын аракеттери адам өмүрүн сактап калууга жумшалууда.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG