Грузия Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу арызын 3-мартта Брюсселге жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе 2-мартта журналисттерге билдирди.
Ал соңку жылдары Грузия Еврошаркет менен кызматташтыкты күчөткөнүн белгилеп, Брюсселди Тбилисинин өтүнүчүн чукул карап берүүгө чакырды.
Грузиянын жетекчилиги Евробиримдикке кирүү тууралуу арызга 2024-жылы кол коюну пландап келген. Бирок бийликтеги партиянын өкүлдөрү “дүйнөдөгү өзгөргөн кырдаалга” байланыштуу чукул чечим кабыл алынганын айтышты.
Буга чейин Тбилисиде Украинага тилектештик билдирген акцияларда Евробиримдикке мүчө болуу процессин тездетүү тууралуу чакырыктар айтылган.
Орус армиясы менен күрөшүп жаткан Украина да 28-февралда Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын Брюсселге жолдогон. Европарламент 1-мартта Украинанын бул арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алган.