Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Кара-Суунун Кадастр мекемесинин кызматкерлерине иш козголду


Кызыл-Кыштак айылы.
Кызыл-Кыштак айылы.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кадастр мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери 24,5 миллион сомдук жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы муниципалдык менчиктеги 24 млн. 592 миң сомго бааланган, аянты 0,18 га жер тилкесин эч кандай укук аныктоочу документтери жок Б.А. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүп берген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG