Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

"Эхо Москвы" радиосу жана сайты жабылды


"Эхо Москвы" радиосунун редакциясы.
"Эхо Москвы" радиосунун редакциясы.

"Эхо Москвы" радиостанциясынын Директорлор кеңеши радиону жана сайтты жоюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин башкы редактору Алексей Венедиктов кабарлады.

Орусиянын Башкы прокуратурасы жана Роскомнадзор мекемеси Украинадагы согушту чагылдырганы үчүн "Эхо Москвы" радиосун эфирден үзүп, сайтын бөгөттөгөн. Көзөмөл органдары радиодон окуяны “согуш” деп атабоону талап кылган. Алар башка сайттардын ишин да ушундай жүйө менен токтотушкан.

"Эхо Москвы" радиосу биринчи жолу 1990-жылдын 22-августунда Москвада эфирге чыккан. Украина менен согушка чейин радио бир жолу – 1991 жылы “ГКЧП” окуясынын учурунда өчүрүлгөн. 2020-жылдан бери радионун 66% акциясы "Газпром-медиа” холдингине карачу.

Москвадагы радиону жана сайтты жоюу чечими анын аймактык радиостанцияларынын ишин да автоматтык түрдө токтотту дегенди түшүндүрбөйт. Анын аталышын жана эфирлерин аймактарда ар кайсы компаниялар "Газпром-медиа” холдинги менен келишимдин алкагында иштетет.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Сегиз күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады. Орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG