Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Украин делегациясы сүйлөшүү үчүн кайрадан Беларуска келди


Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн 1-раунду. 28-февраль, 2022-жыл.
Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн 1-раунду. 28-февраль, 2022-жыл.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы өтөт. 3-мартта украин тарап Беларуска келди. Бул тууралуу украиналык жана орусиялык басылмалар жазды.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк өзүнүн тик учакка түшүп жаткан сүрөтүн жарыялап, сүйлөшүүдө гуманитардык коридор талап кылышарын айткан. Ал аркылуу атышуу болуп жаткан аймактардан аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды коопсуз чыгарып жиберүү ишке ашырылмакчы.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен. Экинчи айлампа 2-мартта өтөрү кабарланып, кийин белгисиз себептер менен болбой калган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба мурдараак Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG