Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Путин Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттери улантыларын билдирди


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 3-марттын кечинде Украинадагы согуштук аракеттер жөнүндө кайрылуу жасап, ал план боюнча жүрүп жатканын, дагы улантыларын билдирди.

Путин аны мурдагыдай эле “атайын аскердик операция” деп атап, ал Украинанын башындагы “неоулутчулдарга каршы багытталганын, ал бул өлкөнү куралсыздандырууга” алып келерин айтты. Президент орус аскерлери баатырдык менен салгылашып жатканын белгилеп, каза болгон жоокерлердин жакындарына ири суммада компенсация төлөнүп берилерин кошумчалады. Украин бийлигин болсо “карапайым калкка жашынып алып, элди кырып жатат” деп айыптады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Орус президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Сегиз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду.

Эл аралык коомчулук, анын ичинде Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинага карата согуштук аракеттерин токтотууну талап кылып, санция салуусун улантууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган жана Москванын Украинага карата согушун тез арада токтотуусун талап кылган резолюцияны 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдоп, добуш берди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG