Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Молдова менен Грузия Евробиримдикке мүчөлүккө арыз берди


Молдованын президенти Майя Санду (ортодо) өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызына кол койгондон кийин. 3-март, 2022-жыл.
Молдованын президенти Майя Санду (ортодо) өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызына кол койгондон кийин. 3-март, 2022-жыл.

Молдова менен Грузия 3-мартта Европа Биримдигине кирүүгө арыз берди. Бул тууралуу расмий документтерге Молдованын президенти Майя Санду менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарабишвили кол коюшканы жарыяланды.

Грузиянын жетекчилиги Евробиримдикке кирүү тууралуу арызга 2024-жылы кол коюну пландап жаткан. Бирок бийликтеги партиянын өкүлдөрү “дүйнөдөгү өзгөргөн кырдаалга” байланыштуу чукул чечим кабыл алынганын айтышты.

Орус армиясы менен күрөшүп жаткан Украина да Европа Биримдигине кирүү үчүн арызын Брюсселге 28-февралда жолдогон. Европарламент 1-мартта Украинанын бул арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алган.

Евробиримдикке кирүү процесси көп жылдарга созулат жана катаал критерийлерди аткарууну талап кылат. Бул үчүн өлкөдөгү экономикалык туруктуулук, коррупциянын деңгээли жана адам укуктарынын сакталышы эске алынат. Мүчөлүккө кирүү үчүн уюмдагы 27 мамлекеттин баарынын добушу керек.

Орусиянын кол салуусунан улам Украинанын шаркеткен мүчөлүккө кирүүсү атайын процедура менен каралары айтылууда. Мурдагы советтик эки өлкө да мына ушундан улам арызын шашылыш беришти. Грузиянын аймагындагы Абхазия менен Түштүк Осетия Орусиянын шыкагы менен көз карансыздыгын жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук тааныган эмес. Молдованын аймагындагы Приднестровье Москва колдогон жикчил аймак экени белгилүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG