Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

NEXT телеканалына кылмыш иши козголду


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жергиликтүү NEXT телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган каналга "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берип, социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылды. Экспертиза бул маалыматта "кастык козутуучу белгилер бар" деп тапкан.

Кылмыш иши Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен каралып жатканы маалым болду.

NEXT телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирди.

Буга чейин Юрий Поита аттуу “Фейсбук” колдонуучусу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, чет өлкөдө жашаган саясий бозгун Алнур Мусаевдин "Тажикстан менен Кыргызстан Москванын басымы астында Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин" айтканын жазган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги мындай маалыматты дароо четкe каккан. Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG