Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Министрлик чет жактагы операцияларга катышуу тууралуу маалыматты четке какты


Кыргыз аскерлери.
Кыргыз аскерлери.

Коргоо министрлиги Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча маалыматтарды толугу менен жокко чыгарат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 3-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын бардык аскердик бөлүктөрү өлкө аймагында. Мамлекеттик чек арадан тышкаркы жерлерде аларды тартуу боюнча пландар жок.

Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Мындан мурда айрым маалымат каражаттары казакстандык эксперт Альнур Мусаевге шилтеме кылып "Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөрүн жашыруун билдирди" деп жазып чыккан.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-мартта Кыргызстан Орусия менен Украинаны "натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды издөөгө" чакыра турганын билдирген.

Жогорку Кеңеш азыр Украинадагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн экономика, валюта базары жана башка тармактарда көрүп жаткан чаралары тууралуу маалыматын жабык эшик артында угуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG