Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

Таластын айрым тургундары сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылышты


Чогулгандар менен президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков музыкалык мектептин залында жолукту.
Чогулгандар менен президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков музыкалык мектептин залында жолукту.

Таласта 3-март күнү сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган нааразалык акциясы болду. Жетимишке жакын тургун облустук администрациянын алдына чогулушту. Алар ортомчулар 1 литр сүттү 30 сомдон алып, заводко 35 сомдон өткөрүп жатышканын айтышты.

Сүт сатып жан баккан тургундар облус жетекчиси бааны 48 сомго чыгарам дегенин, бирок ал ишке ашпай жатканын айтышты. Чогулгандар менен президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков музыкалык мектептин залында жолугуп, бааны көтөрүү боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Талас облусунда жеке менчик алты сүт завод иштейт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, облуста жылына 70 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлөт. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG