Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ошто айыл-чарба жарманкеси өтүүдө


Ош шаарында 3-мартта “Агро ЭКСПО 2022” деп аталган айыл-чарба жарманкеси ачылды. Уюштуруучулардын айтымында, дыйкандар айыл-чарба каражаттарын саткан ишкерлер менен жолугуп, үрөндөрдү, техникаларды, жер семирткичтерди, көчөттөрдү базар баасынан арзан сатып алууга шарт түзүлгөн.

Жармаңке Ош улуттук драма театрынын алдында өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында конференциялар уюштурулуп, айыл жана мал чарба багытындагы адистер менен пикир алмашуулар да болот. Конференцияда мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев да катышууда.

Быйыл президент Садыр Жапаров орус-украин согушунун кесепети Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизерин айтып, өкмөт айыл чарбага көңүл бура турганын билдирген. Үч жылдык мөөнөткө 6% үстөк менен жеңилдетилген насыя берилерин, бюджеттен 26 миллиард сом бөлүнгөнүн белгилеген. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG