Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

ТИМ: Украинанын элчилиги күнүмдүк ишин улантууда


ТИМ.
ТИМ.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги күнүмдүк ишин улантууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Анын айтымында 3-мартта тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын элчиси Валерий Жовтенко менен жолугуп, Украинадагы учурдагы кырдаалды талкуулаган.

Кыргызстан мындан ары курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик жаңжалды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын алкагында токтотууну жактарын билдирген.

Чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттарын айткан.

Сүйөркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилиги ал өлкөдөгү кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын кабарлаган.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга "Кыргызстан Орусиянын Украинадагы агрессиясын актаганы себеп болгонун" билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу деп комментарий берген.

XS
SM
MD
LG