Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кыргызстанда соттордун XII курултайы өтүп жатат


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Бишкекте Кыргызстандын сотторунун XII курултайы өтүп жатат. Курултайга президент Садыр Жапаров катышууда.

Президент сотторго кайрылып жатып таза иштөөгө, көз карандысыз болууга, күчтүү сот системасын түзүүдө тарыхый милдетин аткарууга чакырды.

Андан тышкары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин чакырып, соттордун ишине аралашпоого эскертүү берди.

"Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин кызматкерлерине кайрылам. Соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү ишти өткөрүү практикаңарды токтоткула. Бул менен катуу эскертүүм болсун. Ар ким өз иши менен алек болушу керек. Эгер силер кызматтык милдетиңерди укук-ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей", - деди президент.

Курултайдын жүрүшүндө президент бир катар сот тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Февралда Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагалары алмашкан. Жогорку соттун төрагасы болуп Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы болуп Эмил Өскөнбаев дайындалган.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктагы сындын бутасында турган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG