Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Украинада атомдук электростанциядагы өрт өчүрүлдү


 Запорожье атомдук электростанциясы (АЭС) аткыланып жаткан учур.
Запорожье атомдук электростанциясы (АЭС) аткыланып жаткан учур.

Орус армиясынын чабуулунан кийин күйүп кеткен Украинанын Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Украинанын атомдук энергия боюнча агенттиги АЭС радиоактивдүү заттардын тараганы аныкталбаганын билдирди.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга бир топко жакындай албай турган. Андан кийин Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСке кое берилгенин билдирген.

4-марттын таңында кайрылуу жасаган Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Запорожье атомдук электростанциясы Чернобыл АЭСинен да чоң экенин, эгер ал кыйраса кесепети оор болорун эскертти. Ал “Европа ойгонушу керектигин, Орусияга карата чукул чара көрүшү керектигин” айтты. Зеленский буга байланыштуу АКШнын президенти Жо Байден жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефондон сүйлөштү.

Инцидент Бириккен Улуттар Уюмун жана атомдук энергия боюнча эл аралык органдардын да камтамачылыгын жараткан. Борис Жонсондун кеңсеси БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Жүздөгөн киши каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG