Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Орусияда Twitter, Facebook, BBC, “Радио Свобода” сайттары жабыла баштады


Twitter социалдык түйүнүн логотиби телефондун фонунда.
Twitter социалдык түйүнүн логотиби телефондун фонунда.

Орусияда Twitter, Facebook социалдык түйүндөрү, “Медуза”, BBC, “Радио Свобода” жана "Немис толкуну" (DW) жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарын бөгөттөө аракеттери башталды. Бул тууралуу интернетке мониторинг жүргүзгөн GlobalCheck сервиси кабарлады.

Аталган сайттар көпчүлүк операторлордун колдонуучуларында ачылбай жатат.

Булардан сырткары “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын татар-башкыр кызматы “Идель.Реалии” жана “Радио Азатлык” сайттарына да кирүү мүмкүн эмес болуп турат. Алар Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемесинен эскертүү алышкан.

Роскомнадзор мунун алдында “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын орус кызматы – “Свобода” радиосун сайтындагы Украинага байланыштуу материалдарды өчүрүүнү талап кылып, антпесе сайтты бөгөттөй турганын эскерткен.

Роскомнадзор ага чейин Орусиянын Украинага кол салуусун согуш деп атабоону талап кылып чыккан. Буга байланыштуу бир нече сайттар бөгөттөлгөн. Жергиликтүүлөрдөн “Дождь” телеканалынын, “Эхо Москвы” радиосунун, чет элдиктерден The Village сайты бөгөттөлгөн.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Жүздөгөн киши каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG