Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Visa жана Mastercard орус банктары менен иштешүүнү токтотот


Visa жана Mastercard төлөм системалары Украинадагы согушка байланыштуу орус банктары менен иштөөнү токтотот. Бул системалардын орусиялык карталары чет өлкөдө иштебейт, ал эми чет өлкөлүк карталарды Орусияда колдонууга болбойт.

Буга чейин American Express төлөм системасы орусиялык банктар менен иштөө токтотулганын билдирген. Орусиянын банктары тарабынан өлкөнүн ичиндеги төлөмдөр Улуттук төлөм карталар системасы менен камсыздалат.

Чет өлкөдө россиялыктар альтернативдүү системалардын карталарын иштетиши керек - мисалы, орусиялык "Мир" же кытайлык China UnionPay.

"Мир" карталары дүйнөнүн 10 өлкөсүндө, анын ичинде Түркия, Вьетнам, Армения, Өзбекстан, БАЭ, Кипр жана Грузиянын аймагындагы жарым-жартылай таанылган республикаларда кабыл алынат. Unionpay дүйнөнүн 150 өлкөсүндөгү чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында кабыл алынат.

Орусиянын Украинадагы агрессиясынан улам буга чейин эл аралык бир топ компаниялар бул өлкөдө ишмердигин токтоткон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG