Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Booking.cоm Орусияда жана Беларуста ишин токтотту


Booking.com кызматы Орусияда жана Беларуста ишин токтотту. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Гленн Фогел Линкед билдирип, Украинадагы согуштан улам ушундай чечим кабыл алынганын айтты.

4-март күнү дүйнө жүзүндө турак жайларды кыска мөөнөттө ижарага алуу кызматын көрсөткөн АirBnB да Орусия менен Беларуста ишин токтоткон.

PayPal Holdings Inc төлөм компаниясы да Орусиядагы кызматты токтотконун Reuters агенттиги компаниянын президенти Дэн Шульманга таянып билдирди.

Мурдараак Microsoft корпорациясы орус-украин жаңжалынын курчушуна байланыштуу Орусияда жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды сатуу токтотулганын жарыялаган.

Буга чейин Apple, Oracle, Dell Technologies, Exxon Mobile мунай компаниясы, Boeing жана Airbus учак өндүрүүчүлөрү, спорттук кийим жана бут кийим өндүрүүчү Nike, Walt Disney сыяктуу көптөгөн батыш компаниялары Орусия менен байланышты үзүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG