Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Украин бийлиги Орусия 10 миңден ашуун аскерин жоготконун билдирди


Украинанын Киев облусундагы шаарлардын биринде талкаланган орус техникалары.
Украинанын Киев облусундагы шаарлардын биринде талкаланган орус техникалары.

Украинанын Коргоо министрлиги 5-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 10 миңден ашык жоокерди түзөрүн маалымдады. Мунун ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналып жатат.

Мекеме жаңы маалыматында, Орусиянын 39 учагы, 40 тик учагы, 269 танкы, 945 чопкутталган транспорту, 409 автоунаасы, 105 артиллериялык системасы, 74 замбиреги (пушка), бир “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 50 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, үч учуучу аппараты, эки кемеси, 19 абадан коргонуу системасы жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын куралдуу күчтөрү он күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 2037 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 5-мартта кабарлагандай, мындан сырткары Украинанын 708 танкы жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 82 учагы, 74 ракета атуучу системасы, 261 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жараат алганын 2-мартта моюнга алган. Мекеме андан бери каза болгон аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Он күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG