Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Орусия 500дөй аскери өлгөнүн моюнга алды


Украинага басып кирип талкаланган Орусиянын аскердик техникалары.
Украинага басып кирип талкаланган Орусиянын аскердик техникалары.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597 и жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Орус тарап ошондой эле Украинанын 2 870 жараны өлгөнүн, 1 533 аскердик объектиси талкаланганын кошумчалады.

Украинанын Коргоо министрлиги 2-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 5840 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлеринин санын ушуга чейин айтпай келген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украинанын бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG