Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленүүдө


Кыргызстандын туусунун алдында ак калпак кийип турган жигит.
Кыргызстандын туусунун алдында ак калпак кийип турган жигит.

Кыргызстанда 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип жатат. Бул датага байланыштуу Бишкекте жаштардын жүрүшү өттү. Президенттик админстрация мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун куттуктоосун жарыялады.

"Кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин!", - деди Жапаров.

Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген.

Кыргыз калпагы тилик калпак, айры калпак, сайма калпак, туюк калпак болуп бир нече түргө бөлүнөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG