Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратты


Кыргызстандагы медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырды. Алар тоталитардык режимдердин баш көтөртпөй жазалоочу тажрыйбасын эркин басма сөзгө жана айрым журналисттерге карата коркутуу, кысым көрсөтүү максатында колдонбоо керектигин белгилешти.

Бир канча медиа уюмдардын өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун атынан жазылган билдирүү социалдык түйүндөргө 4-мартта жарыяланды.

"Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз! Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты", - деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Баш коргоо чарасы 5-мартта каралууга тийиш.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Телеканал жетекчилиги кайсы бир булакка шилтеме берилип таратылган маалымат үчүн кылмыш ишин козгоону негизсиз деп атоодо. Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков муну саясий буйрук деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG