Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Омбудсмен Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди


Атыр Абдрахматова акыйкатчы кызматына киришип жатып ант берген учуру. 2-март, 2022-жыл.
Атыр Абдрахматова акыйкатчы кызматына киришип жатып ант берген учуру. 2-март, 2022-жыл.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, күч органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда конституциялык кепилдиктирди сактоого, каналдын ишмердигине укуктук баа берүүдө бардык жагдайларды эске алууга чакырды. Бул тууралуу 5-мартта "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, сөз эркиндиги жана ар бир жарандын ой-пикирин ачык-айкын билдирүү эркиндиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген. Аны так жана кынтыксыз сактоо эркин, укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчү", - деди Абдрахматова.

Акыйкатчы маселени өз көзөмөлүнө алганын, адвокаттар менен тыгыз байланышта экенин, омбудсмен кеңсесинин кызматкерлери атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына барып, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшембиевге жолугуп келишкенин билдирди.

Мурдараак медиа коомчулук билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырган.

УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Баш коргоо чарасы 5-мартта каралууга тийиш.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Телеканал жетекчилиги кайсы бир булакка шилтеме берилип таратылган маалымат үчүн кылмыш ишин козгоону негизсиз деп атоодо. Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков муну "саясий буйрук" деп мүнөздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG