Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Next TVнын жетекчисин бошотууну талап кылгандар соттун алдына чогулушту


Сот имаратынын алдына чогулгандар.
Сот имаратынын алдына чогулгандар.

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бошотулушун талап кылгандар 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту. Алар журналисттерге, сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.

УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Баш коргоо чарасы 5-мартта каралууга тийиш.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Телеканал жетекчилиги кайсы бир булакка шилтеме берилип таратылган маалымат үчүн кылмыш ишин козгоону негизсиз деп атоодо. Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков муну "саясий буйрук" деп мүнөздөгөн.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, күч органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда конституциялык кепилдиктирди сактоого, каналдын ишмердигине укуктук баа берүүдө бардык жагдайларды эске алууга чакырды.

Мурдараак медиа коомчулук билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG