Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Орусия украин тарапка биринчи жолу гуманитардык коридор берди


Мариупол шаарында уюштурулган бомбадан баш калкалоочу жай. Иллюстрациялык сүрөт.
Мариупол шаарында уюштурулган бомбадан баш калкалоочу жай. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын бийлигине согуштук талаада биринчи жолу гуманитардык коридор берди.

Мекемеден кабарлашкандай, алар 5-март күнү Москва сааты боюнча 10:00дөн баштап тынчтык режимин жарыялады. Бул жолдор Мариупол жана Волноваха шаарындагы жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн уюштурулду.

Гуманитардык коридорлорду ачуу макулдашылганын расмий Киев дагы ырастады. Мариуполдун мэри Вадим Бойченко журналисттерге бул коридорлор шаардыктарга азык-түлүктөрдү жана дары-дармектерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк берерин маалымдады.

Орус-украин делегацияларынын Беларустун Брест облусунда өткөн 3-марттагы сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну макулдашкан. Орус тарап ошондон бери өзү басып алган аймактарда ок атылбаган жолдорду уюштуруп бере элек болчу.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG