Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Бишкекте Украинадагы согушка каршы акцияда кармалган жаранга айыппул салынды


Бишкекте Украинадагы согушка каршы тынчтык акциясы маалында кармалган активист Мирлан Асакеевге 3000 сом айыппул салынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 6-мартта чыгарганын адвокаты Агзам Дүйшөналиев билдирди.

5-мартта жарандык активисттер тобу Украинадагы согушка каршы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдына акцияга чыгышкан. Алардын бирин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткен. Кийинчерээк кармалган адам Мирлан Асакеев (Мирлан Атакозу-теги) аттуу жаран экендиги маалым болгон. Анын иши Жоруктар кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) жана 128-беренеси ("Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") менен тергелди.

Сот Асакеевди 126-берене боюнча актап, 128-берене менен күнөөлүү деп тапты жана айыппул салды.

"Кылым шамы" адам укугун коргоо уюму анын бир күн милиция бөлүмүндө кармалышы мыйзамсыз экенин билдирди. Ал кармалган күнү Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлери барып кабар алганын омбудсмен Атыр Абдрахматова айткан.

"Кылым шамынын" жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, акцияга балдары менен чыккан аялдар да кармалган, кийинчерээк алар бошотулган.

Бишкекте жана Ошто буга чейин да Украинадагы согушту токтотуу чакырыгы менен акциялар уюштурулган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Орусиянын агрессиясына каршы акциялар өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG