Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Дарыгерлер Мариуполь "апааттын" кырында турганын эскертишти


Аткылоодон чарчап калган 1,8 айлык наристени ооруканага жеткиришүүдө. Мариуполь. 4-март, 2022-жыл
Аткылоодон чарчап калган 1,8 айлык наристени ооруканага жеткиришүүдө. Мариуполь. 4-март, 2022-жыл

Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттери 11 күндөн бери уланып атат. Украинанын Коргоо министрлиги эң оор абал азыр Мариуполь, Волновах, Харьков, Чернигов, Николаев жана Херсон шаарларында сакталып жатканын жекшембиде билдирди.

«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Мариуполь портунда таза суу жана электрэнергиясы жок болуп жатканын айтып, кырдаалды «апаат» деп сыпаттады. Шаарга гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болбой жатат.

5-марттын кечинде Орусиянын Коргоо министрлиги Донбасста кайрадан чабуулга өтүшкөнүн билдирген. Анын алдында Украинанын Донецк облусунда карапайым элди эвакуациялоо үчүн коридор уюштуруу жана ок атышпоо режимин сактоо ишке ашпай калган. Андай макулдашууга Москва менен Киев 3-мартта тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында жетишкен.

Айрым аналитиктер Херсонду курчоого алган орус күчтөрү Николаев, андан кийин Одессага чабуул коюуга аракеттенишет деп боолголошот.

5-мартта Украинанын улуттук полициясы Киевден 85 километр алыс жердеги Белая Церковь шаарында аба соккусунан кийин талкаланган турак жайларды көргөздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG