Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Большой театрынын дирижёру Украинадагы согуштан улам иштен кетти


Большой театры.
Большой театры.

6-мартта Орусиядагы Большой театрынын башкы дирижёру жана музыкалык жетекчиси Туган Сохиев кызматтан кеткенин жарыялады. Ал Франциядагы Тулуз капитолийинин улуттук оркестринин музыкалык жетекчиси кызматын да тапшырганын билдирди.

Дирижёр Украинадагы окуяларга байланыштуу аны “мүмкүн болбогон” тандоо жасоого жана “бир музыкалык үй-бүлөсүн экинчисинен артык көрүүгө” мажбурлап жатышканын белгиледи.

«Менин сүйүктүү орус жана сүйүктүү француз музыканттарымдын ортосунда мүмкүн болбогон тандоого аргасыздан туш келгеним үчүн кетейин деп чечтим», - деп билдирди Сохиев.

Большой театрындагылар Сохиевдин кызматтан кеткенин «абдан олуттуу маселе» деп мүнөздөштү.

«Кырдаал дагы кандай өнүгөрү белгисиз», - деп айтты театрдын директору Владимир Урин.

Туган Сохиев Тулуз капитолийинин оркестрин 2008-жылдан бери жетектеп келген. Ал Большой театрынын башкы дирижёрлук жана музыкалык жетекчи кызматына 2014-жылы дайындалган.

Буга чейин орус дирижёру Валерий Гергиев Орусиянын Украинага кол салуусунан өзүн «так жана ачык» түрдө оолак кармоодон баш тартканы үчүн Мюнхендеги филармониялык оркестрдин башкы дирижёру кызматынан алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG