Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Иран экинчи аскердик спутнигин ийгиликтүү учурганын билдирди


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин имараты. Вена шаары
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин имараты. Вена шаары

Иран экинчи аскердик спутнигин ийгиликтүү учурганын билдирди. "Нур 2" деп аталган аппарат орбитага жеткенин 8-мартта ИРНА маалымат агенттиги кабарлады.

Ирандын армиясы аскердик чалгындоо кемесин учурууга аракет көрүп келат. Ошол эле маалда буга чейин орбитага “Нур 1” деген ракетасын ийгиликтүү чыгарып, бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеген.

АКШ Тегерандын спутник учуруусу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузарын айтып, Ислам жумуриятын өзөктүк куралды ташууга жөндөмдүү баллистикалык ракета программасын өнүктүрүүдөн карманууга чакырган.

Жакыңкы Чыгыштагы жана Батыштагы айрым эксперттер Иран спутниктен тартылган сүрөттөрдү өзүнүн таламын талашкан региондогу куралдуу кошуундарга бериши мүмкүн деп кооптонушат.

Ушу тапта Венада 2015-жылкы өзөктүк келишимди калыбына келтирүү сүйлөшүүлөрү уланууда. АКШ ал документтен 2018-жылы чыгып кеткенден кийин Тегеран өз милдеттенмелерин аткаруудан акырындык менен баш тартууга киришкен.

Франция, Германия, Британия, Орусия жана Кытай да тартылган сүйлөшүүлөргө катышкан делегациялар мунаса табууга жакындашканын ишарат кылышты.

Өзөктүк курал жасоого умтулбаганын айтып келген Иран спутник учуруу жана ракета сыноо аскердик максаттарды көздөбөсүн белгилеген. АКШнын чалгын кызматтары жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Тегеран 2003-жылы уюшулган аскердик өзөктүк программадан баш тартканын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG