Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Amnesty International: кыз-келиндердин укуктарынын абалы былтыр кескин начарлады


Кандагар, Ооганстан. 2022-жыл
Кандагар, Ооганстан. 2022-жыл

Amnesty International уюму кыз-келиндердин укуктарын бузууларды токтотуу үчүн чечкиндүү чара көрүүгө үндөдү. Укук коргоочу уюмдун Аялдардын эл аралык күнүнө арналган билдирүүсүндө белгиленгендей, бир топ өлкөдө өз укуктарын коргогон аялдар тобокелге кептелди.

“Бир да коом калкынын жарымынан көбүнүн ар-намысы тебеленишине чыдап карап отура бербеши керек”, - деп билдирди Amnesty International уюмунун баш катчысы Агнес Калламар.

Билдирүүдө куралдуу жаңжалдар аймактарында, анын ичинде Украинадагы согуш шартында калган аялдардын оор абалы белгиленет.

"Бүгүн Украианада жана ал аймакта кыз-келиндер кайрадан чоң тобокелге кептелди”, - деген уюм өлкөнүн чыгышында өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилердин жаңжалы көп жылдардан бери уланып келатканын, ал жакта гендердик зомбулук учурлары көбөйгөнүн билдирди.

Уюм соңку 12 айда аялдардын укуктарына чоң таасир эткен окуялар арасында коронавирус панемиясын жана Ооганстанда бийликке талибдердин келишин келтирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG